Кубатбек Боронов менен Кашкар Жунушалиев Солтон-Сарыга жөнөп кетишти
Кубатбек Боронов менен Кашкар Жунушалиев Солтон-Сарыга жөнөп кетишти. Бул туурасында өкмөт аппаратынан билдиришти.
Биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов менен ички иштер министри Кашкар Жунушалиев ал жактагы айылдардын Солтон-Сары кениндеги чет өлкөлүк алтын иштетүүчү компаниянын ишин токтотуу үчүн чыгып жаткан жашоочулары менен жолугушмакчы.
Жергиликтүү жашоочулар менен жолугушуунун жүрүшүндө биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов каршылашкан эки тараптын тең бардык жүйөлөрүн угуп, түзүлгөн кырдаалды чечүү жолдорун аныктамакчы.
Эскерте кетсек, Солтон-Сарыда жергиликтүү тургундар кытайлыктардын кен иштетүүсүнө каршы чыгышууда. Кечээ жоон топ адамдар кенге чыгып барып, жүзгө жакын кытай жарандарын жакага түшүрүп бараткан тасма социалдык тармактарда тараган.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Выбранная дата: